Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Аида Касымалиева Санкт-Петербургда КМШ ПААнын Кеңешинин отурумуна катышты

25.11.2021 23:06
499
Аида Касымалиева Санкт-Петербургда КМШ ПААнын Кеңешинин отурумуна катышты

Төраганын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары  


Бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Айнуру Алтыбаева Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна катышты.


Отурумдун күн тартибинде алгач КМШ ПААнын Кеңешинин төрагасын дайындоо маселеси каралып, Валентина Матвиенко төрайым болуп шайланды. Мындан сырткары, КМШга мүчө мамлекеттердеги шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу сөз болуп, III Евразиялык аялдар форумунун жана Балдар шериктештигинин VI эл аралык маданий-агартуу форумунун жыйынтыктары талкууланды.


Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө карата даярдык боюнча баяндама жасалып, парламент жетекчилерине Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева маалымат берди.  


Үстүбүздөгү жылдын январь жана апрель айларында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча жалпы элдик референдум өткөнүн эске салган Аида Касымалиева анда бардык мыйзам талаптары сакталып, иш-чаралар ийгиликтүү жыйынтыкталганын кошумчалады.


“Алдыда бизди дагы бир маанилүү окуя күтүп турат. Тагыраагы, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо өтөт. Азыр мамлекет башчынын, парламенттин, Министрлер кабинетинин бардык аракеттери бул шайлоонун эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын жана эркин болушуна багытталган. Бул үчүн бардык талаптар каралып, анын ичинде эпидемиологиялык чаралар, ошондой эле эл аралык байкоочулардын жемиштүү жана ыңгайлуу иштеши үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө", - деди.  


Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн КМШ ПААнын Байкоочулар миссиясынын калыптанган тажрыйбасынын маанилүүлүгүн белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу: "Алардын катышуусу биздин өлкөлөрдүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү элементи болуп кала берет. Андыктан КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы, урматтуу Валентина Матвиенкого жана уюмга мүчө-мамлекеттердин бардык парламент башчыларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көз салуу үчүн Байкоочулар миссиясын жөнөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Учурдан пайдаланып, Кыргызстан байкоо процессине өзгөчө маани берип, аны жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын дагы бир жолу белгилеп кетким келет”, –деди.


Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Күз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин алакасын чындоо боюнча пикир алмашып, анын ичинен парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.   


Кошумчалай кетсек, КМШ ПАА 1992-жылы 27-мартта түзүлгөн. Тогуз мамлекеттин парламенттери мүчөлүк кылган Ассамблеянын башкы кеӊсеси Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында жайгашкан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн