Сузак районундагы зордук зомбулук боюнча ишке тосмо арыз таасирин бербеши керек жана кордогон адам белгиленген 2,5 жылдык жазасын алууга тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Сузактагы кордолгон эне боюнча чара көрүү маселесине комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай фактылар боюнча чара көрүүдөгү маселе көбүнчө томсо арызда болуп жатат. Зордук зомбулукка жаза катары айып пул каралган. Аны өндүрүүгө келгенде көбүнчө аялдар арызын кайра алып коёт дагы, өзүнүн натыйжасын бербей келет.
“Сузактагы окуя боюнча “Уруп-согуп кыйноо” беренеси менен иш козголгон. Бул салыштырмалуу оор болуп саналат, тактап айтканда айып пул эмес, 2,5 жыл каралган. Бирок ал жерде дагы тосмо арыз бар. Азыркы мыйзамдар боюнча тосмо арыздан кийин анын жагдайы кайра каралат. 15 күндүк камактагы учурунда тосмо арыз кандай абалда жазылган жана башка жагдайлары боюнча юридикалык баа берилиши зарыл. Кыйнап жатканы видео жаздырууга түшүп калып, коомчулуктун катуу талкуусуна айланып кетти. Ошондуктан бул жаран берилген 2,5 жылдык жазасын алыш керек”, - деди Аида Касымалиева.
Ал белгилегендей, юридикалык, менталитеттик-моралдык жактан алып караганда үй-бүлөлүк зордук зомбулук эмнеге азайбайт? Анткени айып пул же тосмо арыз менен кылмышка шектүүлөр кутулуп кетип жатканы менен байланыштуу.
Эл өкүлүнүн маалыматында, Жогорку Кеңеште депутат Исхак Пирматов тарабынан “Үй-бүлөлүк зордук зомбулукка каршы” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору демилгеленип жатат. Анда тосмо арыз жазылса дагы жеке иш катары эмес, коомдук иш катары каралышы керектиги жана ишти карап жаткан тергөөгө тосмо арыз өзүнүн таасирин бербеши керектиги белгиленген
"Бул мыйзам колдоого татыктуу, эгер иштесе, ушуга окшогон фактылар азаймак”, - деп кошумчалады вице-спикер.
Пикирлер (3)