Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:09
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Аида Касымалиева ЖКнын жаңы чакырылышы качан иштей баштарын билдирди

10.12.2021 09:04
1578
Аида Касымалиева ЖКнын жаңы чакырылышы качан иштей баштарын билдирди

Жогорку Кеңештин вице-спикери, төраганын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева жаңы шайланган депутаттар качан депутат катары кызматка киришерин айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, 6-чакырылыш кийинки жумада акыркы жыйындарын өткөрөт.


"Келерки жума 6-чакырылыштын соңку иш жумасы деп божомолдоп турабыз. 


18-декабрда шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкса, андан ары Ак үйгө жаңы парламент келет буйруса",- деп билдирүү калтырган Аида Касымалиева.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн