Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышты

28.11.2021 11:55
540
Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышты

Бүгүн 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева парламенттик шайлоого катышып, өз тандоосун жасады.


Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Аида Касымалиева Бишкек шаарындагы №1004 шайлоо участкасында добуш берди.


Жарандык милдетин аткарган соң, төраганын милдетин аткаруучу парламентти шайлоо аябай маанилүү экенин баса белгилеп, “Бул күн өлкөнүн тагдырын чечкен, ар бир добуш маанилүү болгон күн. Ушул күнү парламенттеги татыктуу эл өкүлдөрүн шайлап алуу ар бир адамдын жарандык жоопкерчилиги. Андыктан элибиз конституциялык укугун пайдаланып, шайлоого активдүү катышуу менен өзүнүн каалоосу жана жүрөгү менен добуш берет”- деген оюн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн