Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Касымалиева Жолон Мамытовду эскерүү кечесине катышты (Видео, Фото)

01.04.2021 19:29
710
Аида Касымалиева Жолон Мамытовду эскерүү кечесине катышты (Видео, Фото)

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева акын Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине катышты.


Эскерүү кечеси Ош шаарында өттү. Кеченин жүрүшүндө Аида Касымалиева акындын жакшы көргөн "Тоолор"  аттуу ырын окуп берди.


Тоолор

Ааламда теңдешээри жоктойсуңар.

Жаңырып кыйкырыкты коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

билинбей кемий берет окшойсуңар.


Убакыт үстүңөрдөн жүрүп барат,

күн кайнап мөңгүңөрдү сүрүп барат.

Дайралар чарчоо несин сезишпеген

байкатпай түбүңөрдү үңүп барат.


Аз-аздап аралары таарып кетээр,

көмүскө көбүгүнө салып кетээр –

мезгил – бул, дүлөй бүткөн кудурет бейм,

мухитке ташый берип алып кетээр.


Антсе да теңдешээри жоктойсуңар,

жаңырып кыйкырыкта коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

билинбей кемий берет окшойсуңар…

Ж. Мамытов





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн