Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аида Касымалиева: Зомбулукту коом катары биргеликте жеңе алабыз

25.01.2021 11:03
609
Аида Касымалиева: Зомбулукту коом катары биргеликте жеңе алабыз

Кечээки үрөй учурган окуя жакшы бизде болбоптур, бирок балдарга, өспүрүмдөргө карата зомбулук өлкөдө өтө күчөгөн. Анын ичинде сексуалдык зомбулук, педофилия  көп. 


Себептери ар тараптуу. Чечүүчү жолдору да комплекстүү,  коом катары биргеликте гана чече алабыз. 


Парламентте ушул багытка көп көңүл бургандыгыма байланыштуу бир тыянакты айтып койсом. Кылмышкер тийиштүү жазасын алмайынча, бул маселени биз чече албайбыз. Бул укук коргоо органдары, соттор, биздин "менталитет". 


Чечмелеп берсем, зомбулук боюнча ИИМдин статистикасы боюнча 2020-жылы  9 025 иш катталса, анын 944 гана сотко жеткен. Бул иштердин 10 пайызы гана сотко жетет дегенди билдирет. Соттон кандай чечим чыккан, аны да өзүнчө кароо керек. Тосмо арыздар, жабырлануучуга басым, жакшылап каралбай калган иштер, адилетсиз чечимдер. Сен баланы зордуктасаң дагы, жаза албайсың же оңой эле кутулуп, чыгып кетесиң. 


Мыйзам чегинде эле өз жазасын алса, жетиштүү. Эч кандай өлүм жазасынын кереги жок болмок. Эл да ошондо "өзүм соттойм, өлтүрөм" дегенден алыс болот эле. 


Өткөн жумада парламентте үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча мыйзам боюнча кылмышкерге чараны  дагы катаалдантып бердик. Мыйзам экинчи окууда өттү. Жакынкы аралыкта толук кабыл алынат, президент ага кол коёт деп ишенебиз. 


Ага ылайык, жабырлануучунун абалына, ден-соолугуна карап, тосмо арыз (жарашып алуу) ишти кароодо өз таасирин тийгизбейт, эске алынбайт. 

Бул боюнча парламенттик көзөмөл уланат.


Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жыпара
Сизге кошулам, рахмат ушул когойду которгонунуз учун
Медро
туура , эртелеткиле