Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аида Касымалиева менен Абдыбек Дүйшалиев 14 күндүк карантинге алынды

13.03.2020 10:45
1155
Аида Касымалиева менен Абдыбек Дүйшалиев 14 күндүк карантинге алынды


Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен Абдыбек Дүйшалиев кечээ, 12-мартта Германиядан кайтып келгендигине байланыштуу үй карантинине алынды. Бул тууралуу Аида Касымалиева айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.


Анын айтымында, алар Германияга немец парламентинин чакыруусу менен барышкан.  


"Учурда абалым жакшы. Бул иш сапар мурда эле пландалган болчу, ошондуктан чакыруудан баш тартуу мүмкүн эмес болду. Ошол учурда мен Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешкем, бардыгы жайында болчу. Биз Кыргызстанга кечирек келмекпиз, бирок Абдыбек Дүйшалиев экөөбүз эрте учуп кетүүнү чечтик", - деди Касымалиева


Стамбулдун аэропортунан аларды текшерүүгө алышкан эмес, бирок Германияга барганда коронавирус боюнча текшерүүдөн өтүшкөн. 


"Ошондой эле бизди Бишкектен да кылдаттык менен текшеришти. Министрликтин алгоритмине ылайык 14 күн үйдө обсервацияга алышты", - деди А.Касымалиева.


Ал кошумчалагандай, бул убакыт аралыгында үйдөн иштемей болду.


Депутаттарды коштоп барган өкүлдөр да 14 күндүк карантинге алынган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн