Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кармоо мыйзамга каршы келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, жаңы Конституция 5-майда күчүнө кирген, бирок депутаттарды кармоо жана камоо ошол эле мыйзамга каршы келет.
"Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди. ЖК бул боюнча өзүнүн позициясын билдирүүгө тийиш. Мыйзамда дал келбөөчүлүк болсо, Конституция гана иштейт",- деди вице-спикер.
Пикирлер (6)