Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аида Касымалиева жергиликтүү таланттарыбызды колдоого чакырды

25.03.2021 12:33
535
Аида Касымалиева жергиликтүү таланттарыбызды колдоого чакырды

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында жакында эле жаралган жаңжалга токтолуп, аталган ишти иликтөө боюнча атайын комиссия түзүү керектигине токтолду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.


Эскерте кетсек, 6-мартка россиялык артисттердин катышуусундагы "Ак куулар көлү" балети өтпөй калган. Балетке кыргыз артисттери чыгуудан баш тартышкан. Алар коммерциялык спектаклдерге бекер катышарын айтышып, акча төлөп берүүнү талап кылышкан.


Андыктан, Аида Касымалиева жергиликтүү таланттарыбызга кайдигер мамиле жасоону токтотуу керектигин белгилеп: "Бизден билим алган өнөрпоздорубузду башка өлкөлөр алып кетип жатышат. Бизде аларга татыктуу колдоо жоктугу буга себеп болууда. Андыктан, таланттарыбызды колдошубуз керек " - деп кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн