Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Касымалиева жети медицина кызматкеринин үй-бүлөсүн камсыздай баштады

05.07.2020 08:26
3741
Аида Касымалиева жети медицина кызматкеринин үй-бүлөсүн камсыздай баштады


Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева акыркы Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жасап жаткан жумуштары менен бөлүшүп, Ош жана Бишкек шаарларында тынымсыз эмгектенип жаткан жети медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө үзгүлтүксүз жардам берип турууну өз жоопкерчилигине алгандыгын билдирди. 


“Акыркы күндөрү телефон чалуулардан, жардам сурап кайрылгандардан тынбай жатат. Баардыгынын абалары оор. Кээ бири ооруканага жеткенге таксиге акчасы жок. Аларды өзүбүз алып барып жаткырып, кээ бирин дарыгерге көрсөтүп кайра үйүнө жеткирип жатабыз. Ар бир бейтаптын абалы боюнча дарыгерлерге кайрылганда, бардыгынан чарчаңкы бирок кайраттуу, жоопкерчиликтүү үнүн угасың. Мен дарыгерлер менен кеңешип Ош жана Бишкек шаарынан 2 врач, 3 медайым, 2 кенже мээрбан айымга жалпысы болуп 7 медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында мынданы ары алардын үй-бүлөсүн өз карамагыма алып, көзөмөлдөп, материалдык жардам көрсөтүп турууну чечтим.  Бул да болсо, дарыгерлерге жетишсиз бирок мындан ары да ар кандай жардамдарыбызды көрсөтө беребиз”, - деди Аида Касымалиева. 


Мындан сырткары, учурда аймактарга  коронавирус илдетин жайылтпоо жана алдын алуу үчүн даярдыктарды көрүп жаткандыгы менен кошумчалады.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бекзат
Азаматсыз
Жылдыз айдарова
Урматуу Айида айым сиздин жардамынызга аябай ыраазыбыз иштериңизге дагы да ийгилик каалайт кыргыз эли