Вице-спикер Аида Касымалиеваны ээрден оодаруу процесси жакынкы аралыкта башталмакчы. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булагыбыз кабарлады.
Ага ылайык, парламенттин жакынкы жыйындарында Аида айымды төрага орунбасарлыгынан кетирүү демилгеси көтөрүлүшү ыктымал. Бошогон орунга азыркы бийликке ыңгайлуу талапкер отурары калетсиз.
Эске салсак, А.Касымалиева октябрь окуяларында агездеги президент Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп чыккан. Бүгүнкү күндө дагы туруктуу позициясынан кайткан жок.
Пикирлер (1)