Мурунку башкы прокурор Аида Салянова 48 жашта. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги экс-депутат тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
1) Аида Салянова 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында туулган;
2) 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Юридика илимдеринин кандидаты;
3) 1992-1996-жылдары — Бишкек коммерциялык колледжинин окутуучусу;
4) 1996-1997-жылдары — Чүй университетинин окутуучусу;
5) 1997-2005-жылдары — Жогорку Кеңештин эксперттик-юридикалык бөлүмүнүн эксперти;
6) 2005-2008-жылдары — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук реформасы боюнча бөлүм башчысы;
7) 2008-жылдын октябрь айынан тарта— КРдин Адилет министрлигинин статс-катчысы;
8) 2010-жылы — Кыргызстандын адилет министри;
9) 2010-жылдын декабрь айында - президенттин Жогорку Кеңештеги ыгарымдуу өкүлү;
10) 2011-2015-жылдары — КРдин Башкы прокурору;
11) 2015-жылы - "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
12) 2019-жылдын 5-июнунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин камакка алынган;
13) 2019-жылдын 15-августунда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган;
14) Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн