Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Салянова Болот Темиров менен Болот Назаровду колдоп чыккан эки адам сабалганын айтты

24.01.2022 10:17
880
Аида Салянова Болот Темиров менен Болот Назаровду колдоп чыккан эки адам сабалганын айтты

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Болот Темиров менен Болот Назаровду сотто колдоп турган Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркуловду уруп-сабап, милиция бөлүмүнө алып кетишкенин, алардын тез арада чыгарылышын талап кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.    


"Болот Темиров менен Болот Назаровду сотто Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган. Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп-сабап, милиция кызматкерлери Фучиктеги бөлүмүнө алып кетишиптир.


Муну кандай түшүнсөк болот? Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн",-деди Салянова.


Белгилей кетсек, 23-январда Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митинги өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн