Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Салянова: Мени өлтүрүп тыналы деп жатасыңарбы? (Видео)

28.01.2021 10:50
2712
Аида Салянова: Мени өлтүрүп тыналы деп жатасыңарбы? (Видео)


Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өзүнө карата чыккан соттун чечими тууралуу маалымат берип, атайын видео кайрылуусунда жүрөгү ооруп жатканын билдирген. 


“Мыйзамдуу чечим чыкса мен үчүн кыйла жеңил болмок эле. Жүрөгү ооруган кишини ойлоп көргүлөчү, жүрөгүм жакшы эле жеңилдемек. Ушундай тоскоолдуктарды кылып жатат. Эмне деген ойлору бар экенине таң калам. Эмне өлтүрүп тыналы деп жатасыңарбы? 


Ошондой эле Салянова чет өлкөгө чыгып, сырттагы дарыгерлерден кеңеш алууга мүмкүн болбой жатканын айтып, мындай көрүнүштү кыйноо катары баалаган.  


Эскерте кестек, 27-январда Жогорку сот Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу мурдагы юстиция министри Аида Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Ал эми 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Урмат
Аткан нааразы болсо,ишин онолбойт Аида!
Гулнар
Рахмат, сонун билдируу.Маданияттуу, ото билимдуу адам экени корунуп турат.Кудайым озу колдосун, баары кудайга корунуп турат, сабыр кылып курошту уланта бер.