Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 16:33
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

“Ак-Бата” чайканасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

“Ак-Бата” чайканасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү


Бишкектин Бакаев көчөсүндө жайгашкан "Ак-Бата" чайканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 11:33тө чектөөгө алынып, саат 12:58де толук өчүрүлдү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам, чайканага жакын жайгашкан 2 турак үй сакталып калды. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн