Бугу 09, 2024
Убакыт: 01:03
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Ак Бата» партиясы алсыздыгын көрсөттүбү?

14.06.2021 10:45
1568
«Ак Бата» партиясы алсыздыгын көрсөттүбү?


Айрым саясий партиялардын, алардын лидерлеринин өздөрүнүн ыңгайына жараша «бурулуш» жасап кете бергендери албетте көнүмүш көрүнүш болуп калган. Шайлоо алдында таттуу убадаларды берип, «алтын шилекейлерди» чачыратып, анан шайлоодон кийин анын бирин эсине албаган партияларды, саясатчыларды көп эле көрүп келебиз. 


Бирок, шайлоого чейин эле шайлоочуларды оңой алдап кетсе боло турганын «Ак Бата» партиясы биринчи болуп баштап берип салды окшойт. Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда аталган партия Бишкек шаары боюнча экинчи орунду камсыздаган. Жаңыдан эле түзүлө калып, дароо эле шаардык кеңешке аттанган партия үчүн бул чоң жетишкендик катары саналышы керек болчу. Бирок, партия лидери Нариман Түлеев добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыкканда «Биз биринчи келебиз деп жаттык эле» деген кыязда комментарий берген. Анан бир нече күн өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылып чыкты. Буга себеп катары Н. Түлеев биринчи болуп келген партияны «добуштарды сатып алды» деп айыптады. Андан көп өтпөй «Ак Бата» партиясынын өзүнүн үстүнөн шайлоо мыйзамдарын бузганы боюнча БШКга бир нече арыздар түштү. Натыйжада өздөрү да шайлоодон четтетилип, аягында шаардык кеңештин шайлоосу жокко чыгарылып, кайра шайлоо мөөнөтү белгиленген. 


Баса белгилеп кетели, «Ак Батанын» лидери Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңеши үчүн кайра шайлоого катышууга алардын партиясы даяр экендигин билдирген. Бирок, 11-июнда ал өзүнүн партиясы шаардык кеңешке шайлоого барбай турганын жарыя кылды. «Биз бардык күчүбүздү күзгө таштайбыз, «Ак Бата» партиясы парламенттик шайлоого барат», - деди Нариман Түлеев. 


Анан дагы ал «Менин дарегиме кандай гана сын айтылбасын, шаардын көйгөйлөрү менин жана менин командамдын катышуусусуз чечилбей турганын практика көргөзүп жатат. Менден кийин канча мэр болду. Бирок, бир дагы маселе чечилген жок. Эч нерсе жакшы жагына өзгөрбөдү, тилекке каршы бул дагы уланат», - деп кошумчалады. 


Албетте, Нариман мырзанын кандай мэр болгонуна эл өзү баасын бериши керек. Бирок, анын убагында Кытайдан кымбат баада алынган автобустардын азыр жөн эле металлоломго айланып калганын, Манас эпосундагы терс каармандардын айкелдери бир күнгө борбор калаага коюлуп, кайра алынганын элибиз дагы деле унута элек. 


Бул жагы эми өткөн чак деп коёлу. Бирок, мындан бир нече апта мурун эле «Биз кайра шайлоого барабыз, бул шайлоону жокко чыгаргыла» деп жаткан Түлеевдин заматта позициясын өзгөртө калганын кандай түшүнөбүз? Же кайра шайлоодо деле биринчи болуп келе албашына, алтургай эми экинчи да боло албай калышы мүмкүн экенине көзү жеттиби? Азыртадан эле шайлоочулары менен «мышык-чычкан» ойной баштаса, күздөгү парламенттик шайлоодо ийгиликке жете алабы?  


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн