Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

“Ак-Кемеде” обсервацияда жаткан жарандар терезеден секирип жатышат, - депутат

01.04.2020 16:24
4444
“Ак-Кемеде” обсервацияда жаткан жарандар терезеден секирип жатышат, - депутат


Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасынын терезесинен обсервацияда жаткан жарандар секирип түшүп жатышат, мен муну өз көзүм менен көрүп келдим, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйында.


Анын айтымында, кечээ ал аталган мейманкада болуп кайткан. Ал жерде обсервацияга алынган жарандар терезеден секирип түшүп жатканын көргөн.


“Ал жерде көзөмөл начар экен, тартипти катуу сакташ керек эле. Бирок тиешелүү жетекчилер кайдыгер мамиле кылып жатышат. Биз башка жарандардын да коопсуздугун карашыбыз керек да. Чет жактан премьер-министр, президент баш болуп кийлигишип атып, атайын алып келсек, бул жактагы жарандардын кылганы бул”, - деди депутат.


Ошондой эле, ал Ички иштер министрлигинин күзөт бөлүмү көзөмөлдү күчөтүп, тартипти катуу сакталышы керектигин айтты.



Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Бактыгул
Ак кемеде менин сиздим жатат тынч элего качкан эчким жок деп атат
Жакып Таалайбеков
Мээси жок немелер экен го! Кыргыздар качан мыйзамга баш ийебиз ыя? Деги бир муштуп болуп бирикпейт экенбиз го. Ар ким ар жактан кыйын болуп чыгат. Бутун дуйно эли оору менен курошуп жатса, биздикилер дагы деле эсине келе элек корунот!
бек
Акмактардын кылганы карачы терезеден качып чыгып туугандарына жуктурганы жатышабы акмактар.