Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

«Ак Кемени» коронавируска кабылган адамдарды кабыл алуу үчүн жабдуу сунушталды

26.06.2020 12:23
1153
«Ак Кемени» коронавируска кабылган адамдарды кабыл алуу үчүн жабдуу сунушталды


Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 26-июнда ыкчам штабдын жыйынында «Семетей» обсерваторундагы корпустардын ремонтун тезинен аяктоону, ошондой эле кыска мөөнөттө «Ак Кеме» мейманканасын илдетке кабылган адамдарды кабыл алуу үчүн кайра жабдуунун жана даярдоону баса белгиледи. 

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, азыркы учурда Бишкекте жарандар үчүн медициналык мекемелерде 540 кошумча орун даярдалган. 

Анын айтымында, акыркы күндөрү 118 колл-борборуна кайрылгандардын саны 5 эсеге өскөн. Бишкекте 20 линия иштеп жатат. 

Өкмөт башчы белгилегендей, 118 линияларын эки эсе көбөйтүү керек. 

«Бишкек үчүн 20 линия аз. Алардын санын аз дегенде 2 эсеге көбөйтүү зарыл. Аны менен бирге 118 кызматында психологиялык колдоо көрсөтүлүшү шарт. Колл-борбордун толук кандуу ишин жана диспетчерлеринин сапаттуу иштөөсүн камсыздагыла, линия бош болуп, жарандар чалып, кеңеш алып турушсун», - деди Кубатбек Боронов. 

Саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, COVID-19 симптомдору билинсе, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге чалуу сунушталат. Алар кеңеш беришип, зарылдыгына жараша тиешелүү дарылоо курсун дайындашат. 

Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев маалымдагандай, муниципалитет дезинфекциялоо максатында коомдук тамактануу жайларынын, соода аянттарынын ишин саат 22:00 чейин чектөөнү пландап жатат. 

Республикалык штабдын жыйынында ошондой эле коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларын каржылоого багытталган маселелер талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна күз мезгилине карата болжолдуу чыгымдар боюнча эсептөөлөрдү берүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн