Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 19:55
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

“Ак-Кеменин” мурдагы жетекчиси УКМК тарабынан кармалды

12.07.2022 15:04
526
“Ак-Кеменин” мурдагы жетекчиси УКМК тарабынан кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун (ММБФ) балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишин талдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, ММБФга караштуу “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын (“Дирекция” МИ) жана “Дирекция” МИ караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплекси филиалынын (“Ак-Кеме” МК) кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик мүлктү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү менен натыйжасыз пайдалануу, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени боюнча маалыматтар алынган.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” МК ишмердүүлүгүн текшерүү актысына ылайык, мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген жетекчиликтин атайылап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп бергени аныкталган.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Ак-Кеме” МК мурдагы жетекчиси Т.Б. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды.


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” МК ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар адамдардын тобун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн