"№40 жол-эксплуатациялык мекеме” мамлекеттик мекемеси Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо жаңы конушундагы узундугу 2,545 чакырымды түзгөн Э.Иманалиев көчөсүн реконструкциялоо үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, пландалган сумма 75 млн 771 миң 688 сомду түзөт. 1-мартта тендердик арыздарды берүүнүн мөөнөтү аяктайт.
Белгилей кетсек, күн мурун социалдык тармактарда бул участокто христиан көрүстөнү бар экендиги тууралуу маалымат тараган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн