Бугу 21, 2024
Убакыт: 05:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ак-Ордо конушундагы жерлерди мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды

15.05.2023 15:52
290
Ак-Ордо конушундагы жерлерди мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды

Ак-Ордо конушунда тургундардын кайрылуусу боюнча Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү.


Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору, жеке турак жай курулушу жана шаар курулушу департаментинин директору жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын орун басарлары катышты.


Шаардыктар жер тилкелеринин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлүү маселелерин айтышты.


Ошондой эле буга чейин аталган конуштун жашоочулары социалдык-маданий турмуш-тиричилик объекттерин курууга арналган участокторго курулган үйлөргө байланыштуу маселени кароо өтүнүчү менен кайрылышкан.


Жолугушуунун жыйынтыгында мэрдин орун басары тейлеген кызматтарга айтылган маселелерди белгиленген тартипте чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн