Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 16:51
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Ак-Суу айылында 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы жаран кармалды

05.09.2022 14:50
714
Ак-Суу айылында 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Күн мурун Чүй облустук милициясына 1996-жылы туулган А.М. аттуу кыз арыз менен кайрылып, анда күндүз Н. аттуу киши Ак-Суу айылындагы крипич заводуна күч менен чачынан сүйрөп барып зордуктагандыгын билдирген.


Аталган факт "Зордуктоо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Кылмышка шектүү делип 1985-жылы туулган М.Н.У. аттуу киши кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн