Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 21:41
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

“Ак-Суу” ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды

07.10.2025 14:40
58
“Ак-Суу” ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды


“Ак-Суу” ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.


Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ден соолукту чыңдоо борбору буга чейин Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетине тиешелүү болгон.


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы мугалимдердин ден соолугун чыңдоо үчүн курулган борбор 2012-жылы жеке адамга сатылып кеткен.


УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында борбордун баасы аныкталып, 54,1 млн сомду түзгөн.


Учурда "Ак-Суу" ден соолукту чыңдоо борбору толугу менен мамлекетке өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн