Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 03:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ак-Суу районуна 42 млн сомдук атайын техникалар тапшырылды

16.08.2022 16:08
391
Ак-Суу районуна 42 млн сомдук атайын техникалар тапшырылды

Бүгүн, 16-августта Ак-Суу районуна 14 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлугүнөн билдирди.


Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 42 млн сомду түзгөн атайын техникалар Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун, жергиликтүү бюджеттин, Жаратылышты коргоо фондунун каржылоосу менен алынган. Ошондой эле "Айыл банк" аркылуу лизингге жана “Хельветас” долбоору аркылуу алынган техникалар да бар.


1. Дан өсүмдүктөрүн себүүчү 6 катарлуу Ozdoken маркасындагы агрегат Отрадное айыл өкмөтүнө;


2. Айдоо жерлерин жамгырлатып сугаруучу агрегат Отрадное айыл өкмөтүнө;


3. SHANTUI SL50WN маркасындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тонна болгон фронталдык погрузчик Жайыт комитети ассоциациясына;


4. 14кубдук таштанды чыгаруучу атайын техника Челпек айыл өкмөтүнө;


5. Самосвал HOWO автомашинасы Теплоключенка - Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;


6. Dongfeng маркасындагы таштанды чыгаруучу атайын техника Теплоключенка - Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;


7. Эксковатор-Погрузчик JCB 3 CX Site Master Теплоключенка - Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;


8. JP 800 айдоо жерлерин жамгырлатып сугаруучу агрегат Тепке айыл өкмөтүнө -2 даана, Ак-Чий айыл өкмөтүнө -1 даана, Октябрь айыл өкмөтүнө -1 даана, Каракол шаарына -1 даана, Челпек айыл өкмөтүнө -1 даана, Кара-Жал айыл өкмөтүнө -1 даана тапшырылды.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн