Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын 5-классынын эки окуучусу 2-кабаттан секирген. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-мартында эки окуучу мектептин имаратынын 2-кабатынан секиргени белгилүү болгон.
«Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер келишти. Окуучулардын абалы жакшы. Алар аймактагы ооруканадан текшерүүдөн өткөн. Алар жабыркаган жок. Жагдайды тактоодо окуучулар уруша кетишкенин айтышты. Ата-энелери менен баарлашуу болуп өттү. Мындан ары, 5-класстын окуучулары имараттын 1-кабатында билим алышат», - деди РИИБдин башчысынын орун басары М.Муканбетов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн