Бугу 07, 2024
Убакыт: 01:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ак-Суу районунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө бир нече маселе боюнча кайрылды

21.11.2022 08:45
351
Ак-Суу районунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө бир нече маселе боюнча кайрылды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту.


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрү тууралуу кайрылышууда. Жашоочулардын арыз-кайрылуулары жеринде кабыл алынып, ыкчам жана мыйзам көрсөткөндөй чечүү убадасы берилди.


Жыйын Каракол шаарында өтүп ага 400гө чукул тургуну катышууда.


Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн