Кулжа 30, 2025
Убакыт: 17:44
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Ак-Сууда мыйзамсыз берилген 29,4 гектар жер мамлекетке кайтарылды

30.06.2025 13:22
11
Ак-Сууда мыйзамсыз берилген 29,4 гектар жер мамлекетке кайтарылды


Ак-Суу районунда мыйзамсыз берилген 29,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан Ново-Вознесеновка айылынын аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө айыл чарба багытындагы 29,4 га жер тилкеси “А” дыйкан чарбасынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 20 млн 801 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн