Нарын облусунун Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасына медициналык жабдуулар берилди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 1 даана кардиомонитор, 13 даана кычкылтек концентратору, 12 даана пульсоксиметр, көп жолу колдонуучу 700 даана беткап жана 130 “Эниксум” дарысы тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн