Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун Баетово айылындагы жалпы аянты 1,98 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Колхоздор аралык курулуш уюму 1964-жылы аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.
Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында өндүрүш объекттерин куруу үчүн 4,0 га жер тилкеси Колхоздор аралык курулуш уюмуна бөлүнүп берилген.
1993-жылы Колхоздор аралык курулуш уюму "Демилге" акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси катары Ч.К. шайланган.
Аталган Ч.К. 2004-жылы акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган.
Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген.
Мурда Колхоздор аралык курулуш уюмуна тиешелүү болгон калган объектилерди кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн