Нарын облусунун Ак-Талаа районунда коронавирус илдети төрөт үйүнөн барган келиндерден таркаган. Бул тууралуу 23-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар аралыкты жана санитардык талаптарды сактабай жатат.
“Саламаттыкты сактоо министрлигинен барган эпидемиялогиялык дарыгерлер Нарын облусунда жардам берүүдө. Изилдөөлөр жүрүүдө, контакт көп болуп аралык сакталбай жатат. Ак-Талаада 18 адаман кечээ табылган, алар Облусутук төрөт үйүнөн 2 киши чыгып барып алар менен байланышта болгон 11 кишиден, экинчи катарда байланышта болгон 6 адамдан табылган. Учкун айылында да төрөт үйүнөн чыгып барган келинден тараган. Учурда көзөмөлгө алуудабыз”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн