Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

«Ак-Тилек» жана «Карасу» чек ара пункттары ортосунда 87 млн сомго жаңы көпүрө курулат

05.08.2020 18:22
598
«Ак-Тилек» жана «Карасу» чек ара пункттары ортосунда 87 млн сомго жаңы көпүрө курулат


Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы „Ак-Тилек автожолу“ жана „Карасу автожолу“ өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Долбоордун максаты болуп товарларды өз ара алмашуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, «Ак-Тилек автожолу» жана «Карасу автожолу» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аркылуу эки мамлекеттин региондорунун ортосунда соода-экономикалык байланышты жакшыртуу эсептелет.

Көпүрөлөр бир эле мезгилде ар бир тараптын өзүнүн аймагында паритеттик негизде курулат, аларды ар бир тарап өз бөлүгүндө пайдаланат жана тейлейт.

Көпүрөнү куруунун болжолдуу наркы 87 млн сомду түзөт.

Кыргызстандын «Ак-Тилек автожолу» жана Казакстандын «Карасу автожолу» өткөрмө пункттарынын ортосунда Чүй дарыясы аркылуу жаңы көпүрөнү куруу мезгилинде автотранспорт каражаттарынын өтүшү убактылуу токтотулат. Автотранспорт каражаттары жана жөө жүрүүчүлөр «Ак-Жол автожолу», «Кен-Булуң автожолу» жана «Токмок автожолу» өткөрмө жайларынан өтүшөт.

Жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аяктагандан кийин алар бирдей үлүштө эки өлкөнүн менчигине өткөрүлүп берилет, көпүрөлөрдү ар бир тарап өз аймагынын чегинде пайдаланат жана тейлейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн