Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан Ак-Жар жаңы конушунун тургундары нааразычылык билдирип жолду бууп салды. Бул тууралуу Мирлан Кубатбекович аттуу Фейсбук колдонуучусу кабарлады.
Маалыматка ылайык, нааразы болгон тарап электр жарыгынын өчүрүлүшүнө каршы болуп чыккан. Тасманы тарткан адамдын айтымында, электр энергиясы жоктугуна байланыштуу өкмөткө кайрылганына карабастан эч кандай жооп болгон эмес.
Учурда объезд жол тосулгандыгына байланыштуу көптөгөн унаалардын тыгыны пайда болгон. Алар өкмөттүн жообун күтүп жатышат.
Пикирлер (3)