Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ак элечек энелер: Азизбек Турсунбаевге добуш берели!

24.11.2021 16:08
1419
Ак элечек энелер: Азизбек Турсунбаевге добуш берели!


Ардактуу эс алуудагы энелер 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоодо №18 Ала-Бука шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Азизбек Турсунбаевдин талапкерлигин колдоорун билдиришти. Ошондой эле Ала-Бука менен Чаткал райондорундагы шайлоочуларды дагы Азизбек Атакозуевичке добуш берүүгө үндөштү. Мындай чакырыктын себебин алар төмөндөгүчө түшүндүрүштү.

 

Асылкан КЕНЖЕЕВА, экс-судья, Ала-Бука районунун ардактуу атуулу: “Эл үчүн кызмат кылып келаткан инсан”


- Асылкан айым, Азизбек Турсунбаевди жакындан билген инсан катары эмнелерди айта аласыз?

- Азизбек Атакозуевичти кичинесинен өтө элпек, ата-энесине камкор, билимге умтулган уул катары билем. Эрезеге жеткенден тарта өз мамлекети үчүн кызмат кылууга даяр инсан экенин көрсөтүп келатат. 2005-жылдан тарта чоң саясатка аралашып, алгачкы жолу ошондо КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Ошондо Турсунбаев өзүнүн платформасында “Эл намысын коргоймун, дыйкандарды колдоймун” деп, дыйкандарды бир топ колдоп келген. Агровегетациялык мезгилдерде байма-бай жардамдарын берип келди. 2007-жылы айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалууларга, майыптарга, оорулууларга үзгүлтүксүз жардам бергенин билебиз.


Азизбек Атакозуевич өзүнүн алгачкы кесиби медик болгондуктан, оору менен алпурушкан жарандарга дайыма колунан келген жардамын аябайт. Ала-Бука районунда 16 жашар кыз күтүүсүздөн ооруп, оозу көгөрүп жыгылып, эс-учунан танып, доктурларга көрсөткөндө, анын жүрөгүнүн өнөктүгү өтө ашынып баратканы белгилүү болот. Ага борбор калаабыздагы Миррахимов атындагы кардиология институтундагы кардиохирургияда гана операция жасатышы керектигин айтышат. Ошондо дагы Азизбек Турсунбаевдин жардамы тийет. Ал өзүнүн жардамчылары менен чогуу ал кызга операция жасалып бүткөнгө чейин ошол жерде болот. Ал кыз азыр үч баланын энеси, бирөөнүн сүйүктүү жары. Ушул сыяктуу Азизбек мырзанын карапайым элге берген жардамдары көп. Ошол эле убакта биздин депутат чет мамлекеттерден билим алат элем деген ниети бар жаштарды да колдоп келатканы маалым. Азизбек Турсунбаев өзүнүн маңдай тери менен тапкан каражатын дайыма элине жумшайт. Айткан сөзүн аткара билет. Гемодиализ алууга муктаж жарандардын да көйгөйүн чечүүгө көмөктөшкөнүн билебиз. Азыр алар мамлекеттин эсебинен бекер гемодиализ алышат. Мындан сырткары жаштарды сергек жашоого үндөп, спорттун бир нече түрлөрү менен машыккан жаш балдарды колдоп келатат.


Өткөн жылдагы пандемия маалында да Ала-Бука районунун жашоочуларына ар тараптан жардамын көрсөттү. Азизбек Атакозуевичтин экинчи кесиби – юрист. Андыктан ал мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган мыйзамдарды жазууда да эмгеги бар деп айта алабыз. Парламенттин трибунасынан биздин районго тиешелүү маселелерди айтып, коргоп келет. Мисалы, райондогу кен байлыктарына жана жыртылган-тешилген жол көйгөйлөрүнө байланыштуу.


- Демек, алдыдагы шайлоодо сиз Азизбек Турсунбаевге добуш берет турбайсызбы?

- Азизбек мырза ар дайым эл кызматында. Анын жасай турган иштери дагы арбын. Андыктан курулай сөз менен эмес, иш менен өзүн көрсөтүп келаткан Азизбек Турсунбаевдин талапкерлигин 28-ноябрдагы шайлоодо колдоп берүүгө шайлоочуларды чакырат элем.

 

Роза ШЕРБАЕВА, өзгөчө маанидеги пенсионер, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку чакырылышта шайланган депутаты:  “Энелер ак батабызды берип, эл депутаты кылып шайлаганбыз”


- Роза айым, сиз Азизбек Турсунбаевди көптөн бери билсеңиз керек?

- Азизбек Турсунбаев деген ысым менен тааныш экениме бир топ убакыт болду. Ал жаш кезинен эле элге аралашып, ийгиликтүү ишкер катары да таанымал болду. Кийинчерээк, чоң саясатка аттанды. Эсимде, 2005-жылы болсо керек эле, Азиз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайлоого катышты. Биз, энелер баарыбыз ак батабызды берип, ал депутат болуп шайланды. Бул анын чоң саясаттагы алгачкы кадамы болду десек жаңылышпайм.


-  Азиз депутат болгондон кийин мүнөзү өзгөрдүбү?

- Кыска убакыттын ичинде республикадагы күчтүү саясый фигурага айланды, тегерегинде бараандуу саясатчылар жүрдү. Бирок, Азиз эч өзгөрбөй, жөнөкөй адам катары өзүн сактап калды. Бул анын башка саясатчылардан кескин айырмасы деп билем.


- Кээ бир депутаттар Жогорку Кеңешке келгенден кийин шайлоочуларын унутуп коюшат, Азизбек мырзачы?


- Азыркыга чейин Азизбек Турсунбаев дасыккан депутат катары шайлоочулары менен тыгыз байланышта иш алып барып, элдин алдында кадыр-баркы ашып, жалпыга кызмат кылып келет. Ага ыраазычылык гана билдиребиз.

 

Шакен ЖОРОБЕКОВА, КР эл артисти: “Райондогу жаш муундарды тарбиялоого, маданиятка, деги эле бардык тармакка жардамын берип келатат”


- Шакен эже, алдыда өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу кабарыңыз болсо керек. Купулуңузга толуп турган талапкер барбы?

- Алдыда парламенттик шайлоого карата добуш берүү күнү жакындап келатат. Бул шайлоого элибиздин чыгаан, кыраан кыз-жигиттери талапкер катары катышууда. Эми ошолордун арасынан чындап татыктууларын тандап алуу – шайлоочулардын милдети. Элибиз, мамлекетибиз үчүн бүткүл жан дүйнөсүн төшөп иштей турган, өзүнүн эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын ойлой турган инсандарды тандайлы. Эзелтеден кыргыздан эли-жери үчүн өз жанын берүүдөн да кайра тартпаган эр азаматтар чыккан. Ошондой азаматтардын бири –  Ала-Бука районунан чыккан Азизбек Турсунбаев деп айта алам. Ал элге кылган кызматы менен кадыр-баркка ээ болду. Өзүнүн кичи пейилдиги, чечкиндүүлүгү жана оозунан чыккан сөзгө бекем экендиги менен элибизге жакты. Алдыдагы шайлоодо Азизбек мырзадай инсандардын талапкерлигин колдоп алсак утушка ээ болобуз деп ойлойм.


- Кандай эмгектерин айта аласыз?

- Азизбек Турсунбаев райондун жаш муундарына ар дайым камкордук көрүп келатат. Билимге умтулган жаштарды дайыма колдоп, чет мамлекеттерден окуганга да мүмкүнчүлүк алууларына жардам берип келет. Анан дагы билимдүү жаштардын жумуш орундары менен камсыз болушуна салымы бар. Алардын ата-энелери да кубанып турушат. Ошол эле убакта маданият тармагынын өкүлдөрүнө да кызмат кылып келатат. Бизге эмне керек болсо, ошонун баары менен камсыз кылды. Компьютер, музыкалык аппаратураларды алып берди. Биздин Азизбектен башка бир деле депутат аппаратура алып берген жок окшойт. Райондогу башка тармактарга да, мисалы ооруканаларга, жолдордун оңдолушуна салымы бар. Андыктан Азизбек инимдин мындан аркы иштерине да ийгилик каалайм. Анын эли үчүн жасай турган дагы көп иштери бар. 28-ноябрдагы шайлоодо мен Азизбек Турсунбаевге добуш берем жана биздин округдагы шайлоочуларды да ушул талапкерге добуш берүүгө чакырат элем.


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн