Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бүгүн Ак калпак күнү: Бар бол ак чокулуу ак калпагым!

05.03.2021 11:07
1809
Бүгүн Ак калпак күнү: Бар бол ак чокулуу ак калпагым!


Бүгүн, 5-март - Ак калпак күнү. Бул күн 2011-жылы коомдук ишмер Рысбек Жабировдун демилгеси менен жарыяланып, 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Анда ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чараларга катышат.


Ак калпак кантип пайда болгон?

Алгач боз кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары катары маанилүү шаң-салтанатка кийип жүргөндүгү менен жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.


Калпак кантип ак болгон

«Манас» эпосунан алып карай турган болсок, Ак калпакка канайым Каныкейдин салымы зор болгон. «Каныкей энебизге чейин кыргыздар кара калпак кийип жүрчү экен. «Манаста» айтылат эмеспи, тармал ирик жыктырдым, таза жерге кырктырдым, кыздарга кылын тердирдим... деп калпактын жасалуусу жакшы баяндалат. Каныкей энебиз тартуулаган эң таза бул калпак эми кыяматка чейин кыргыздыкы болот», - деп айткан кытайлык белгилүү манасчы Жусуп Мамай.


Калпакты кийүү тартиби


Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек. «Бул үйдө баш көтөрөөр эр бүлө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун айтканындай болом», — дегенди түшүндүрөт. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийбеш керек. «Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алар каруу күч калбады», - дегенди билдирет.


Калпакты жасоо ыкмасы


Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууду ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп-тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп тиккен. Оюлуп алынган кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл тукабадан, чийбаркыттан, сатинден, макмалдан, баркыттан, кыжымдан кыюу коюп тигип чыккан. Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө болгон: Балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден; Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден; Азаматтардын, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган.

Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады. Азыркы күндө калпакты синтепондон да жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган калпакка салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок сапаты жана пайдалуугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка жетпейт.


Калпак тууралуу кызыктуу фактылар


2018-жылы Бишкекте иттердин көргөзмөсү өтүп, анда итке калпак кийгизген айым интернетте чуу жараткан. Улуттук баш кийимди жаныбарга кийгизгендиги үчүн көпчүлүк нааразы болушкан. 

Ошондой эле, тойлордо дасторконго коюла турган козу гриллге дагы калпак кийгизген окуяны ыксыз жорук деп сындашкан.


Жогорку Кеңештин депутаты 2011-жылы Финляндияда жергиликтүү аткаминерлерге кыргыз калпагын берип, баняга кийинүү сунуштаганы үчүн сынга кабылган.

2016-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерди бийиктиги 3 метрге жакын калпакты жасашкан. Негизи бир калпакты жасоого 230 грамм кийиз кетет. 


Ак калпакты кийип сүрөткө түшкөндөрдүн арасында биринчи учкуч Юрий Гагарин, кытайлык актер Жеки Чан бар.

 

Өз кезегинде "Медиа центр" мультимедиалык маалымат агенттиги кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктайт. Майрамыңыздар менен!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн