Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ак үй ажыдаардын үңкүрүн эске салат

30.07.2021 19:59
1979
Ак үй ажыдаардын үңкүрүн эске салат


Ак үйдүн алдынан өткөн сайын аны ажыдаардын үңкүрүнө салыштыра берем. 30 жылдык эгемен доорубузда үч жолу Ак үй эл тарабынан ээленди. Бирок анын жетинчи кабатына отурган эл башчылар үч баштуу же жети баштуу ажыдаарга кантип айланып кеткенин сезбей калып жатышат. 


Айласыз ажыдаардын үңкүрү тууралуу эл жомогундагы окуя, андагы каармандар реалдуу жашоодо кайталангандай боло берет. Ал жомок тууралуу белгилүү окумуштуу, даанышмандыгы менен өзгөчөлөнгөн Сулайман Кайыпов агам да "Жок жерден жомок жаралбайт" деген мыкты китеп жазган. Жомокто:


Кайсыл бир мамлекетте, ордо калаасына жакын тоодогу үңкүрдө килейген бир ажыдаар пайда болот. Ал шаарга каттаган адамдардын жолун тосуп, жута берет. Аны өлтүрөбүз деген эчен мыктылар жок болот. Акыры бир баатыр жигит чыгып ажыдаарды үңкүрүндө жаткан жеринен өлтүрмөк болуп элдин батаасын алып аттанат. Чын эле ал жигит үңкүргө киргенде ажыдаардын ачуу чаңырыгы, анын чындап өлтүрүлгөндүгүнө жалпы эл күбө болот. Ал баатыр жигит да ажыдаардын кыйа чабылган башын элге көргөзөт да кайра үңкүргө кирип кетет. Эл кубанат. Жол да коопсуз болуп ачылып, кыйма-чийме каттоо уланат. Бирок үңкүргө кайра кирип кеткен жигит дайынсыз болуп, элине кайтпайт.


Арадан көп убакыт өтпөй үңкүрдөн эми үч баштуу ажыдаар пайда болот. Ал жолдон каттаган адамдарды эле эмес, шаарга жакын жайгашкан үйлөрдү Кыйратып, жашоочуларын соро баштайт. Аны жок кылууга аттанган эчендеген жоокерлер жок болот. Акыры ал мамлекеттен дагы бир баатыр жигит чыгып, үңкүргө кирип, алышып жатып ажыдаардын үч башын кыя чаап үңкүрдөн ыргытып, кайрадан үңкүргө кирип кетет. Эл сүйүнөт, эми кутулдук деп үмүттөнөт. Баатырды күтөт. Бирок ал кайтпайт.


Арадан көп өтпөй үңкүрдөн жети баштуу ажыдаар пайда болуп шаар айланасын тыптыйпыл кылып, шаарга коркунуч туудура баштайт. Ажыдаардын чабуулуна падышанын тандамал армиясы да туруштук бере албайт. Элдин айласы куруйт. Ошондо ал мамлекеттен баатырдыгы менен гана эмес, акылмандыгы менен да таанылган бир мыктысы чыгат. Жети баштуу ажыдаарды ачык жерде жок кылуу мүмкүн эместигин ал да түшүнөт. Аны үңкүрүндө гана жок кылса болоорун билип, ажыдаар үңкүргө кайтканда аттанат. Жети күн кармашып акыры ажыдаардын жети башын кыя чаап үңкүрдөн ыргытат. Эл кубанат. Баатыр кайрадан үңкүргө кирсе анын ичи алтын-күмүш, бриллианттарга толо. Кум-Төрдүн алтыны да анын астында шоона эшпейт. Мурдагылардай алабарман эмес, акылы менен өзгөчөлөнгөн баатыр иштин жөнүн түшүнөт. Балээнин баары ушул жалтырак-жултурактарда экенин сезет. Ачкөздүк кылып колун да жакындатпайт. Мурдагы баатырлар ажыдаарды өлтүргөнү менен ушул жалтырактын кулу болуп кол сунаары менен үч, жети баштуу ажыдаарга айланып кеткенин айнытпай билет. Напсисин тыят. Пейилин бузбайт. Ниетин түздөйт. Кайра артты көздөй, элин көздөй чыгат. Аман-эсен элине кайтып, үңкүрдөгү байлыкты элине, мамлекетине иштетүүнүн жолун таап, кийин ал өлкө өтө өнүккөн өлкөлөрдүн бирине айланат. эли да ыймандуу, башчылары нысаптуу болушат.


Мына Ак үйдүн жанынан өтүп баратып ар дайым ушул жомок эске түшүп, Ак үйдү ажыдаардын үңкүрүнө окшоштура берем.


Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн