Бүгүн, 23-майда Бишкек шаарындагы 7-апрель курмандыктары үчүн курулган эстеликтин алдында митинг өттү.
Митингге "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмдун өкүлдөрү катышты.
Алар УТРКнын журналисти, Элдик Курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маек алганына нааразылык билдирди.
Алар Кадыр Кошалиевдин кызматтан кетишин талап кылып, президентке Курманбек Бакиевди кайтарып келүүгө жол бербөө үчүн кайрылуу жолдошту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн