Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйынга чогулуп жатат.
Жогорку Кеңеш ЖККУнун алкагында Казакстанга кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү маселесин карайт. Маселени УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке алып чыгат.
Ал эми Ак үйдүн алдында Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы 20дай адам акция өткөрүүдө. Алар кезексиз жыйынга келген депутаттарга "каршы" добуш берүүгө чакырууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн