Кечээ, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда белгисиз адам депутаттардын биринин эшигинин алдын булгап кеткен. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, депутаттар жыйында мыйзам долбоорлорун карап жаткан учурда аталган окуя болгон.
"Депутаттар жыйында мыйзам долбоорлорун, Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маселени карап жаткан учурда белгисиз адам ичи ооруганбы же жетишпей калганбы бир депутаттын эшигинин алдын булгап кетиптир",- деп билдирүү калтырган депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн