Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ак үйдүн мурдагы тосмолору "Алтын балалык" борборун тосууга колдонулууда

15.09.2022 14:25
418
Ак үйдүн мурдагы тосмолору "Алтын балалык" борборун тосууга колдонулууда
Бишкектеги Ак үйдүн демонтаждалган тосмолору Чолпон-Ата шаарындагы реконструкциялоодон кийин иштей баштаган "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин аймагына орнотулууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Алтын балалык" борборунун маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.



Билдирүүдө айтылгандай, темир тосмолор комплекстин директору Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси менен орнотулуп жатат.



"Борбордун айланасын тосуу үчүн Ак үйдүн жакында эле демонтаждалган тосмолору алып келинди. "Алтын балалык" бул демилгени колдоп, балдарыбыздын келечеги үчүн кам көргөн президентке терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн