Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ак үйдүн тосмосун алган “популисттер” бармагын тиштеп жатабы?

10.12.2020 10:16
1475
Ак үйдүн тосмосун алган “популисттер” бармагын тиштеп жатабы?

5-6-октябрдагы бийлик алмашуудан кийин айрым популисттер Ак үйдүн тосмосун алуу демилгесин көтөрүп, аны толугу менен жок кылды. Ошол учурда “бүтүндү бүлүндүрбөйт эле, туура эмес кылып жатат” деп каршы чыккандар да болгон. Бирок, башка маселенин баары чечилип калгансып бүтүн турган тосмонун “таш талканын чыгарды”.


Ак үйдүн тосмосун алгандан эмне өзгөрдү? Мамлекетте реформалар башталып, ошол имаратта иштеген депутаттар элге жакын болуп калдыбы? Же Жогорку Кеңештин депутаттарына болгон сын азайдыбы? Тескерисинче “чимкириктерге” болгон жек көрүү сезими күн сайын өсүп жатат.


Бүгүн, 10-декабрда бир катар жарандар Жогорку Кеңештин имаратынын кире беришине "уят аллеясын" орнотушту. Алар имаратка кирип бараткан ар бир депутатка кыр көрсөтүп, “уятын чыгарып” жатат. Эми бул салт улана берет. Колу бош, эмне кыларын билбей башы айланып жүргөндүн баары эми Ак үйдүн эшигин каккылай берет. Ал жерде тынч иштөө мүмкүн болбой калышы да ыктымал. Азыркы шартта тосмону алууну токтотуп, бийликти элдин ишенимине киргизүү аракетин жасаганда болмок. Качан гана туруктуу, эл колдогон бийлик иштей баштаганда тосмону эле эмес, керек болсо Ак үйдүн эшигин чоң эле ачып койсо жарашмак. Эми бул ишти жасаган “популисттер” бармагын тиштей берсин.


Канатбек Аскаров


 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Аласы айрылгандар тосмодон оч алышты.