Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 14:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Ак жеринен камаган соттор, прокурорлор өз жазасын алышы керек

14.04.2021 17:54
1372
Ак жеринен камаган соттор, прокурорлор өз жазасын алышы керек


Текебаев-Чотонов иши боюнча сот чечими акыйкат болгону албетте кубандырат... Жакшы жышаан... Бирок 4 жыл текке кеткен өмүр-жашка, жубайлары менен балдарынын көз жашына, жакындары тарткан убайымга, денсоолукту жеген сарсанаага ким жооп берет? Жөн эле "болду-болду" - деп кала берүү натуура иш. Макул дейли, Текебаев мамлекет төлөй турган акчадан баш тартсын, дагы да болсо өлкөбүздүн оор ахвалына боор тартты дейли... ыраазы бололу... Бирок мамлекетти дагы, Текебаев менен Чотоновду ушундай жапа чегүүгө дуушар кылган прокурорлор, коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү, соттор жана сотто айыптоочу катары отурган прокурорлор өз жазасын алышы керек да. Акыйкаттык үчүн, коомдун тазаланышы үчүн, келечекке карай сабак болушу үчүн бул зарыл шарт. Саясий буюртма менен ак жерден дагы бирөөлөр жапа чегип, түрмөгө отурбасын десек коомчулук ушуну талап кылуубуз абзел. Бул акыйкаттыктын талабы!


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн