Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Академик, илимге эмгек сиңирген ишмер Абдыкадыр Садыков дүйнө салды

19.07.2020 11:03
1080
Академик, илимге эмгек сиңирген ишмер Абдыкадыр Садыков дүйнө салды

Узакка созулган оорудан улам 87 жашында кыргыз адабият таануу тармагындагы окумуштуу, Эл аралык Айтматов академиясынын ардактуу академиги Садыков Абдыкадыр Садыкович дүйнө салды.

Абдыкадыр Садыков – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.

Ал 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн.

Эмгек жолу:

- 1953-1960-жылдары – Ош мамлекеттик пединститутунда жана Маяковский атындагы пединститутта окутуучу;

- 1960-1988-жылдары – Кыргыз Улуттук илимдер академиясында кенже жана улук илимий кызматкер, бөлүм башчы, директордун илимий иштер боюнча орун басары, директор;

- 1994-жылы – Эл аралык Айтматов академиясында академик;

- 2017-жылдын сентябрь айынан баштап – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы.


А. Садыков кыргыз адабият таануу тармагындагы ата мекендик илимий мектептин негиздөөчүсү болуп саналат, анын илимий жетекчилиги алдында илимдин 37 кандидаты жана 6 доктору даярдалган. А. С. Садыков тарабынан 400 ашуун илимий эмгектер жарыяланып, анын 100гө жакыны китеп түрүндө жарык көргөн. СССР жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.


Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен С.Жээнбеков, Д.Жумабеков,  К.Боронов, Б.Жакиев, А.Эркебаев, Д. Эсеналиев, А. Исмаилова, К. Молдобекова, К. Исаков, Н.Ишекеев, М.Мураталиев, М. Жуматаев, Ш.Жоробекова,  А.Акматалиев, С Мусаев, К.Садыков, А. Мусаев көнүл айтат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн