Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 23:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Акаев Кумтөр боюнча кетирген катачылыктарын, оош-кыйыштарын ачыктаса, кыйла маселе оң жагына чечилет

02.08.2021 17:48
1692
Акаев Кумтөр боюнча кетирген катачылыктарын, оош-кыйыштарын ачыктаса, кыйла маселе оң жагына чечилет


Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди. Ал киши Кумтөр маселеси боюнча тергөө группасы менен тыгыз кызматташууга макулдугун билдириптир. Эң туура кадам жасады. Он беш жыл өлкөнү башкарган киши Кумтөр боюнча кетирген катачылыктарын, оош-кыйыштарын ачыктаса, кыйла маселе оң жагына чечилет. Биринчиден, Ата-Журт алдындагы күнөөсүн жууйт, экинчиден, эл аралык соттон утуу мүмкүнчүлүгүбүз артат. Айкөл Манастын урпактарыбыз, андыктан Аскар Акаевди кечирели. Кыргызда "султан сөөгүн кордобойт" деген ата сөзү бар эмеспи. Жамандыр- жакшыдыр он беш жыл Кыргыз Республикасын башкарды. Ал жетектеген жылдар эң оор тарыхый учурга туш келгенин да түшүнөбүз. 


Дагы айтарым, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышына ири салым кошкондордун бири Искак Раззаковду өткөн кылымдын 50-жылдарында өзүбүздүн эле ичтен чыккан ийри жыландар Москвага кууп кетирген. Сөөгү Москвада калган. 2000-жылы гана Аскар Акаев анын сөөгүн Ала-Тоого алып келген. Азыркы бийлик Аскар Акаевдин көзүнүн тирүүсүндө өз журтуна кайтып келишине мыйзамдуу шарт түзүп берүүдө. Бул кадамы аркылуу азыркы бийлик илгертен бери келе жаткан ата салтын улады. 


Эми мындан ары эл башчыларын кууп жиберүү сыяктуу көрүнүштөрдөн оолак  бололу. Ошого жараша мамлекет башчылары да эл үмүтүн актап, татыктуу иштесин.


Кундуз Ажибекова, жарандык активист 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ира
Ооба Акаев киши олтуруп же ото эле катуу кылмыш кылган эмес,кечириш керек,жашы да келип калды