Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Акаев менен Бакиевди Элдик курултайдын чечими менен алып келеби?

21.12.2020 14:31
989
Акаев менен Бакиевди Элдик курултайдын чечими менен алып келеби?


Учурда "качкын президенттер А.Акаев менен К. Бакиевдин күнөөлөрүн кечирип, Кыргызстанга келишине макулдук берелиби?" деген талкуу коомдо ар түрлүү пикирлерди жаратууда. Бул эртедир кечтир козголуучу маселе болчу. Учуру келсе керек сөзгө түштү.


Кыргыз мамлекети жүздөгөн жылдардан кийин эгемендикке жетип өз алдынча мамлекет болгондогу биринчи жана экинчи президенттеринин качкын-бозгун болуп чет мамлекетте жүрүшү, мезгили келгенде бул жарыкчылык жашоо менен коштошсо сөөктөрү чет жерде калышы жакшы иш эмес. Ошондуктан мекениние келип эл арасында болгондору туура. Бирок кандай жол менен? Бул өтө терең ойлонуучу иш. Менимче эки Президент кайра мекенине кайтып келсин десек Президенттин Указы менен коомдук  комиссия түзүлүп  эки Президент мамлекетти башкарып турган жылдардагы иштеген иштери ар тараптуу( экономикалык, руханий маданияттык, ички-сырткы саясаттагы жетишкендик же кемчилик, ж.б. тууралуу) терең изилденип калыс, так, туура баа берилиши керек. Өзгөчө алар мамлекетти башкарып турганда коррупция канчалык денгээлде өнүккөнү, мамлекеттин канча байлыгы коррупционерлердин чөнтөгүнө кеткени, эки качкындын күнөсүнөн башка да тегерегиндеги чогуу иштегендердин ичинен аларга кимдер  таасир бергени ачыкталышы керек. Бул жеке эле качкын президенттердин эмес алар менен чогуу иштеп табакташ болгон нечендердин кекиртегине сөөк болоору турган иш. Минтип коомдук комиссия түзүп иштеп кеткен президенттердин  ишине баа берүү менен мамлекетибиздин өнүкпөй келаткан өксүк жактарынын жүзүн да ачабыз. Жыйынтыгында комиссия качкын президенттер мамлекеттен уурдай качышкан байлыктын суммасын толук ачыктоолору зарыл.


Эгер качкын президенттер  уурдай качышкан байлыкты толугу менен кайра мамлекетке кайтарып төгүп берүүгө макул болушса сунуш Элдик Курултайга коюлуп  Элдик Курултай макулдук берсе "Күнөлөрү кечирилип, элине келишсин"- деген чечим чыгышы керек. Алар уурдай качкан байлыктарын Мекендин суусун жутуп, абасы менен дем алып эли менен өмүрүн өткөргөндөн артык көрүшүп,  сөөгү туулган жеринде болушун каалашпаса анда өз эрктери. Чечим жарыя айтылып тарыхта калса "Эки Президентин кубалап жиберишкен"- деген ыланкы  сөздөн эл да кутулат. Маселе качкын президенттердин өздөрүнүн жана тукумдарынын абийиринде калат.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Салибаева Мукадас
Келишин каалайм, жана колдоп кубаттайм.
Асылбек
Немец Япон калкын деле дунуйо кечирип мамиле кылып жатпайбы,Кыргыз элибиз айколдугун коргозуп Дунуйого таанылса деген оюм бар