Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Өлүгү талаада калбасын!». Акаев менен Бакиевди мекенине кайтаруу демилгеси көтөрүлдү

21.12.2020 12:38
2150
«Өлүгү талаада калбасын!». Акаев менен Бакиевди мекенине кайтаруу демилгеси көтөрүлдү


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров үгүт иштери расмий старт алгандан бери карай өлкөбүздүн бир топ аймактарын кыдырып үлгүрдү. Ал аймактардын жашоочулары менен жолугушуп, берилген суроолорго жооп берип келет. Ошондой жолугушуулардын биринде, тактап айтсак Ош облусунун Алай районундагы жолугушуусунда ага «Сиз буюрса президент болуп шайланасыз. Элдин маанайы бүт Садыр деп турат. Анан менин сизге айтып коеюн деген бир нерсем бар. Мына кеткен президенттер Акаев, Бакиев азыр чет өлкөдө жүрүшөт. Бирөөсү сексенге таяды. Тарых экен. Сиз шайланасыз, ушул кеткен президенттер Ала-Тообузду сагындык деп ыйлап жүрүшөт. Ушул экөөнү алып келип коюңуз, өлүгү талаада калбасын», - деп бир аксакал кайрылды. 


Ага Садыр Жапаровдун жообу бул болду: «Эгерде көпчүлүк эл сурансаңар, экөөнү кечирсеңер, анда алып келебиз». 

Биринчиден, бул эки качкын президент өз тагдырларын өздөрү жасагандар. Эгерде алар колдогу бийликтерин үй-бүлөлүк, кландык кызыкчылыктары үчүн пайдаланбай, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштетишкенде, анда азыр өз элинин арасында зор сый-урмат менен жүрүшөт эле. Акаев Кыргызстандын туңгуч ажосу бактысына ээ болгону менен, «Кумтөр» сыяктуу элдин байлыгын чет элдик аферисттердин колуна салып берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну орноткон. Ал эми Бакиев ошол эле жолду андан ары күчөтүп уланткан. «Кумтөргө» байланыштуу 2009-жылкы келишим муну далилдеп турат. Бул экөөнүн тең тактан кулашы элдин басымдуу бөлүгүнүн нааразычылыгынан улам ишке ашкан. 


Демек, эми алардын кайра Кыргызстанга кайтып келип, эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, ээн-эркин жашоо улантышын көпчүлүк элдин суранышы күмөн. Акчага жалдап балким Ала-Тоо аянтына беш миң адамды чогултуп «Кайтарып келгиле качкан президенттерди» деген талаптарды койдуртса болот. Бирок, ал жалпы элдин же көпчүлүк элдин суранычы болуп саналбайт. 


Экинчиден, Акаев дагы, Бакиев дагы ушул күнгө чейин кыргыз элинен, кыргызстандыктар өздөрүнүн кетирген катачылыктары үчүн кечирим сурай элек. Тескерисинче, дайыма актанып келатышат. Анан алар кечирим сурашпаса деле эл кечире береби?


Дагы бир жагдай, ушул суроо алдын-ала атайын даярдалган эмеспи? Эмне үчүн бул суроо Садыр Жапаровдон башка талапкерлерге берилбейт? Эмне үчүн мурдагы шайлоолордо берилген эмес? Ойлоно турган жагдай болуп жаткан жокпу?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айгуль
Олгон балдардын каны койберсе келеби, же манкурттар 10 -15 жылдык окуяларды унутту деп бул демилге которулуп жатабы, баарыбызды кой кылып алдына айдап алган турушабы