Ошентип көптөн күткөн, түрдүү божомолдорду жаратып келген президенттик шайлоо өттү. Бул жолу ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров башкаларга караандатпай, дээрлик 79-80% добуш менен алдыга озду. Бирок, бул жолку президенттик шайлоо шайлоочулар эң аз катышкан шайлоо болуп калды. Азыркы учурга чейинки болжолдуу маалыматка караганда 10-январда өткөн президенттик шайлоого жалпысынан 38%дан ашуун шайлоочулар катышты.
Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакыт аралыгында ушуну менен сегизинчи жолу президенттик шайлоо өттү. Өлкөбүздө мамлекет башчысы катары президенттик кызмат 1990-жылы 24-октябрда ал кездеги Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин сессиясында негизделип, 27-октябрда Кыргыз ССРинин президенти болуп Аскар Акаев жарыяланган. Башкача айтканда. Ал адегенде Жогорку Советтин депутаттары тарабынан шайланган.
1991-жылы 31-августта Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз өлкө болуп жарыяланып, ошол эле күнү «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө» мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ошентип Кыргызстанда биринчи жолу президенттик шайлоо жалпы элдик добуш берүү аркылуу 1991-жылдын 12-октябрында өткөн. Бул шайлоодо жалпы шайлоочулардын 89,03%ы катышкан деген статистика бар. Ал эми шайлоого катышкан шайлоочулардын 95,3% Аскар Акаевге добуш берген.
Экинчи жолку президенттик шайлоо 1995-жылдын 24-октябрында өткөн. Ал 1993-жылы 5-майда кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде өткөрүлгөн. Бул жолу президенттикке талапкерлигин адегенде Абсамат Масалиев, Жумгалбек Аманбаев, Медеткан Шеримкулов, Өмүрбек Текебаев, Мамат Айбалаев, Юруслан Тойчубеков, Турсунбай Бакир уулу койгон. Бирок, талапкер катары катталуу үчүн 50 миң кол топтоо талабы, ал колдор аймактар боюнча шайлоочулардын санына пропорционалдуу топтолушу шарт экени боюнча БШК талап койгондо, бир топ талапкерлер кайра артка чегинген. Натыйжада А. Акаев, А. Масалиев жана М. Шеримкулов президенттик шайлоого ат салышкан. Мында Аскар Акаев шайлоочулардын 71,5% добушу менен жеңип чыккан. Ал шайлоого жалпы шайлоочулардын 86,19%ы катышканын айта кетели.
Андан кийинки президенттик шайлоо 2000-жылы 29-октябрда өткөн. Бул жолу ат салышкан талапкерлердин саны 19 болгон. Анда да Аскар Акаев 74,47% добуш менен жеңишке жеткен. Бул анын жасаган чоң катачылыгы эле. Себеби, Конституция боюнча бир эле адам эки жолудан ашык президенттик кызматка шайлана албайт болчу. Бул жолку шайлоого шайлоочулардын 77, 28%ы катышканын белгилеп коелу.
2005-жылдын 24-мартында Кыргызстанда «жоогазын революциясы» болуп өткөнүн билебиз. Ошондон кийинки президенттик шайлоо ошол эле жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн. Бул жолу талапкерлердин саны 22ге жеткен. Ага жалпы шайлоочулардын 72,52%ы катышкан. Катышкан шайлоочулардын 88,71%ы Курманбек Бакиевге добуш берген.
Бешинчи президенттик шайлоо 2009-жылы 23-июлда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 79,3%ы катышкан. Катышкан шайлоочулардын 76,12% добушун Курманбек Бакиев алып, экинчи жолу президент болуп шайланган. Мындагы шайлоо алдындагы массалык бузуулар тууралуу өзүнчө сөз кылса болот.
2010-жылы 7-апрелде өлкөбүздө экинчи ирет революция болду. Ошондон кийин 27-июнда жалпы элдик референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, Убактылуу өкмөттүн декрети менен Роза Отунбаева 2011-жылдын 1-декабрында өлкө президенти катары бекиген.
Алтынчы жолу президенттик шайлоо 2011-жылдын 30-октябрында өткөн. Анда 16 талапкер ат салышкан. Ага жалпы шайлоочулардын 61,28%ы добуш берген. Катышкан шайлоочулардын 62,52%ы Алмазбек Атамбаевди колдогон.
Жетинчи президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтүп, анда 10 талапкер ат салышкан. Жалпы шайлоочулардын 55,93%ы катышкан. Шайлоодо негизги күрөш эки талапкердин ортосунда жүргөнү белгилүү. КСДП партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22% добуш, ал эми «Республика Ата-Журттан» көрсөтүлгөн талапкер Өмүрбек Бабанов 33,49% добуш алган.
Мына ушул статистиканы карасак, улам кийинки президенттик шайлоого шайлоочулардын азыраак катышып жатканын байкоого болот. Мунун биринчи себеби шайлоочулардын маалыматын автоматташтыруу болсо, экинчи себеби шайлоолордон элдин көңүлү улам калып баратканы болушу мүмкүн.
Кече 10-январда өткөн президенттик шайлоого алдын-ала айтылган маалыматка ылайык жалпы шайлоочулардын 38%дан ашууну добуш беришти. Демек, 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу дээрлик 17-18%ка аз. Бирок, мамлекет тагдырына кайдыгер карабаган активдүү жарандарыбыз шайлоого катышып, өз тандоолорун жасашты. Бул жолу административдик ресурс колдонуу, добуштарды сатып алуу сыяктуу көрүнүштөр дээрлик катталган жок. Мурдагыдай шайлоо участкаларынын алдында «Кимге добуш бересиң?» деп тымызын чуркаган адамдар да болбоду. Шайлоочулар негизинен 2020-жылдын октябрындагы тополоңдон кийин жылдызы жанган Садыр Жапаровго чын дилинен ишеним артканы билинди. Ал шайлоого катышкан шайлоочулардын 79-80%ынын колдоосуна ээ болду.
Эми ошол элдин ишенимин актоо, мамлекеттин өнүгүшүн, элдин жашоосун жакшыртуу багытында тынымсыз эмгектенүү гана керек. Эл өз тандоосун жасады. Эми Садыр Жапаров өз келечегин тандайт: же тарыхта өлкөнү оң жолго салган, бурулуш жасай алган президент катары калат, же мурдагы президенттердин тагдырын кайталайт. Эки жолдун кайсынысына түшөөрү өз колунда. Азыр элдин үмүтү өтө чоң.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн