Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Байсаловдун жакшы жагы бар: оюндагысын жашырбай, ачык айтат”

19.09.2023 18:23
169
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Байсаловдун жакшы жагы бар: оюндагысын жашырбай, ачык айтат”


- Акбөкөн Дүкенович, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңешке келип, депутаттардан кечирим сурады. Эл өкүлдөрүнүн бир тобу анын кечиримин кабыл алышса, кээ бирөөлөрү дале таарынычтары бар экенин билдиришти. Бул боюнча сиздин позицияңыз кандай?


-- Эдил Байсаловго таарынган деле жерим жок, кечире турган деле мага эчтеке кылган эмес. Бул – саясат. Саясатта болот. Байсаловдой кишилердин бир жакшы жагы бар: булар оюндагысын жашырбай, ачык айтып салат. А чындыгында Байсаловдой ойлогон чиновниктер көп да. Аткаминерлердин жарыманан көбү. Бирок, алар ичиндегисин эч качан ачык айтышпайт. Көбүбүз эки жүздүүбүз да. Келип, жылмайып коюп отурушат, бирок Эдилден да жаман нерселерди жасашат. Ошондуктан саясат да... Биз деле аша чаап кетип атпайбызбы. Мен өзүмдү эле алайын. Кечээ күнү бирөөнү аябай сөктүм. Анан үйгө келип алып, түнү менен уктай албай чыктым. “Эмнеге ошенттим?” депчи. Эмне кылам, характер ушундай экен. Эмоцияга алдырып, кээде ашыкча сүйлөп алам. Андыктан, башкаларды, эмоцияга алдыргандарды сындай турган жөнүм жок.


- “Байсаловго таарына турган жөнүм жок” дебедиңизби, бирок кеп жеке сиз эмес, жалпы парламент, андагы депутаттардын кадыр-баркы жөнүндө болуп атпайбы?


- Албетте, ашыкча кетти. Эмоция менен айтты да. Бирок, жогоруда айтканымдай, Эдилге окшоп ойлогондор көп да... Кээде эмоцияга алдырабыз дегендей... Бирок, кечирим сурады. Кечирим сурагандан кийин кечиримдүү болгонубуз дурус. “Жаңылды” деп койсок болот. Эмкиде дагы ушундай кайталанса, анда...


- Учурунда парламент Байсаловду кызматтан алуу боюнча сунуш берген эле. Эми ал сунуш күчүн жоготту десек болобу?


- Ошондой го дейм. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн