Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:00
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Дарыларды сатууга өзгөчө көзөмөл зарыл”

30.01.2024 17:32
404
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Дарыларды сатууга өзгөчө көзөмөл зарыл”


- Акбөкөн Дүкенович, “азыр жаштардын дээрлик тең жарымы баңгизат колдонот” деп үрөй учурган маалымат айттыңыз. Сизде аны тастыктоочу кандайдыр бир фактылар, же изилдөөлөр барбы?


- Жаштар менен сүйлөшүп көрсөңүз. Мына, мен баягүнү он бештей жаш бала менен отурдум. Ошонун бирөө эле чекпейт экен, калганы жок дегенде бир жолу байкап көргөнүн айтышты. Арасында намазга жыгылгандары да бар экен. “Арак арам, ал эми баңгизатты чексе боло берет” дешет. Мына, көрдүңүзбү! Ошондуктан, бул чоң көйгөй. Менин оюмча, мечиттерде да ушул маселени айтып, түшүндүрүү керек. Жөн эле камап, соттой берсек, маселе чечилбейт.


- Бүгүнкү жыйында аптекаларда курамында баңгизат бар көп дарылар эч кандай рецеби жок эле эркин сатылып жатканы айтылды. Жаштардын арасында баңгизат колдонгондордун саны көбөйүп баратканынын бир себеби ушунда эмеспи?


- Маселенин баары акчада. Баары эле акчаны оңой жол менен тапкылары келишет. Ошон үчүн дарыларды сатууга катуу көзөмөл абдан керек.  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн