Алты саныбыз аман, он эки мүчөбүз түгөл болуп туруп деле кээде жашоого нааразы болуп, алтургай «тоюп» да кетмей жаман адатыбыз бар, адам баласынын. Көздөрдүн көрүп, кулактын угуп, колу-буттардын өз функцияларын аткарып турганы, астыңда ашың, үстүңдө үйүңдүн бар экени, ата-эне, бир туугандар, уул-кыздарыңдын амандыгы бул жарыкчылыктагы Жараткан тарабынан берилген эң чоң байлыгың экенин кээде унута түшөсүң.
Болбосо, бул дүйнөдө тубаса ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, же айттырбай келген кырсыктан улам майып болуп калгандар бар. Ошондо да жашоо бул күрөш экенин баамдап, ийгилик жарата алгандары кездешет. Төмөндө биз сөз кыла турган 10 адамдын эркинин күчтүүлүгү, жашоодо майышып-кайышып калбаган өжөрлүгү баарыбыз үчүн үлгү да, сабак да болуп кала алат. Бул адамдардын айрымдары тубаса майып төрөлсө, айрымдары кырсыктап ден соолугунан ажыраган, же оор илдетке чалдыккандар. Ошентсе да алар кадимки ден соолугу мыкты адамдардай толук кандуу жашап, өздөрү каалаган иштер менен алектенип, бактылуу жашоо кечиришүүдө.
Австриялык манекенчи аял Турия Питт 24 жашында өрткө кабылып, денесинин 64%ы күйүп кеткен. Жарым жыл ооруканада жатып, көптөгөн операцияларды башынан өткөрөт. Оң колунун бардык салааларын, ал эми сол колунун үч салаасын жоготот. Айдай жүзү да өрттөн улам жабыркаган. Мына ушундай оор кырсыктан кийин да Турия Питт өзүнүн бекем эрки менен толук кандуу жашоосун улантып келет. Спорт менен алектенет, деңиз толкундарында серфинг спорту менен машыгат, велосипед менен сейилдейт жана тоо-кен инженери болуп иштейт. Ошондой эле журналдар үчүн сүрөткө түшөт.
Авиакырсыкка учурап, андан кийин 72 күн бою талаада жардам күтүп калган Нандо Паррадонун тагдыры да кызык. Ал кырсыктан аман калгандар жалпы тамактануу үчүн талаада кандай гана аракеттерди жасашпаган. Алардын запастагы тамак-ашы өтө аз эле. Кырсыктан кийинки 60 күндөн соң Нандо жана анын дагы эки досу жардам издеп муз каптаган талаа менен жөнөшкөн. Учактын кулашынан улам Нандо үй-бүлөсүнүн жарымынан ажыраган, ошондой эле кырсыктан кийинки жардам күтүп калган күндөрдө 40 килодон ашык салмагын жоготкон. Азыр ал максатка жетүү үчүн мотивациянын күчү тууралуу лекцияларды окуу менен алектенет.
Джессика Кокс дүйнөдө биринчи эки колу жок учкуч болуп калды. Ал 1983-жылы эки колу жок төрөлгөн. Эмне үчүн мындай төрөлгөнүнүн жообу табылган эмес. Анын ата-энеси кызынын толук кандуу жашоо улантышы үчүн баарын жасашты. Джессика өзү да өтө тырышчаак чоңойду. Натыйжада ал өз алдынча тамактанганды, кийингенди үйрөндү. Кадимки эле мектепке барып, окуганды жана жазганды өздөштүрдү. Бала кезинен Джессика учкандан коркчу, алтургай селкинче тепкенде да көздөрүн чылк жуумп алар эле. Бирок, ал өзүнүн коркуу сезимин жое алды. 2008-жылдын 10-октябрында Джессика Кокс учкуч-спортчу лицензиясын алган. Ал эки колу жок дүйнөдөгү биринчи учкуч болуп калды жана ал үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Танни Грей-Томпсон майып коляскасы менен жарышка катышкан ийгиликтүү спортчу катары дүйнөгө белгилүү болду. Ал төрөлгөндө эле арка омурткаларынын көйгөйү менен жарык дүйнөгө келген. Ал жарыкчылыкка ушундай чектелген ден соолугу менен жаралып калганына сынып калбай, өжөрлүгүнүн арты менен ийгиликке жетип отурат.
Шон Шварнер рак оорусун жеңип, 7 континенттеги эң бийик 7 чокуну багындырган чыныгы күжүрмөн адам. Ходжкиндин диагнозу жана Askin саркомасынан кийин жашап кеткен дүйнөдөгү жалгыз адам. Ага 13 жашында төртүнчү жана акыркы стадиядагы рак оорусунун диагнозу коюлган. Дарыгерлердин божомолу боюнча ал 3 айдан ашык жашабашы керек эле. Бирок, Шон кандайдыр бир керемет менен ооруну жеңет, бирок кийин кайрадан анын оң өпкөсүнөн дарыгерлер гольфтун тобундай болгон шишикти табышат. Шишикти алып салуу боюнча экинчи операциядан кийин дарыгерлер аны 2 жумадан ашык жашай албайт дешет. Андан бери 10 жыл өттү. Ал эми Шон рак илдетинен кийин жашап кеткен, Эверест тоосуна көтөрүлгөн адам катары дүйнөгө таанымал.
Джиллиан Меркадо «дистрофия» диагнозу менен мода дүйнөсүнө аралашып жана ийгилик жарата алды. Ал мода дүйнөсүнө кириш үчүн адатка түшүп калган эрежелерге туура келбесе да боло турганын, өзүңдүн турпатың идеалдуу болбосо да, аны сүйүүгө мүмкүндүгүн далилдеди. Ал бала кезинде дистрофия оорусуна чалдыгып, майып коляскасына отуруп калган. Бирок, мындай чектөө анын мода дүйнөсүнө аралашуусуна тоскоолдук жарата албады.
Эстер Вергер – шал болгон буттары менен көп жолку чемпион болду. Бала кезинде ага кан тамырлуу миелопатия диагнозу коюлган. Ага байланыштуу бир нече жолу опеарация болот. Тилекке каршы, абалы улам начарлай берген жана эки буту менен шал болуп калган. Бирок, майып коляскасы Эстерге спорт менен алектенүүгө тоскоолдук жараткан жок. Ал баскетбол жана волейболду жетишээрлик ийгиликтүү ойнойт, ал эми дүйнөлүк атактуулукту гана теннис оюну тартуулады. Вергер «Большой шлем» турниринин 42 жолку чемпиону боло алды.
Майкл Джей Фокс Паркинсон оорусуна байланыштуу бардык жашоонун кыйынчылыктарын жеңе алды. «Назад в будущее» киносундагы белгилүү актер 30 жашында оорулуу экенин билди. Адегенде алкоголдук ичимдиктерди ичип жүрдү, бирок бат эле аны токтотуп, өз жашоосун Паркинсон оорусу менен күрөшүүгө багыттады. Анын жардамы менен бул илдетти иликтөөгө 350 миллион доллар чогултулган.
Патрик Генри Хьюз жарыкчылыкка көздөрү жок жана колу-буттары да толук түздөлбөгөн абалда төрөлгөн. Анын майып коляскасында гана шалдырап отуруудан башка аргасы жоктой эле. Бирок, Патриктин атасы уулунун андай болушун каалаган жок. Бала кезинен аны пианинодо ойношун үйрөтө баштаган. Кийин ал University of Louisville School of Music Marching and Pep Bands окуу жайында окуп, андан кийин Cardinal Marching Bandде ойной баштаган. Ал жакка аны атасы майып колякасы менен үзгүлтүксүз алып барып турган. Азыр Патрик – пианист-виртуоз, көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү, анын пианинодо ойногондорун көптөгөн телеканалдар көрсөткөн.
Ал эми Марк Инглис эки буту жок болгонуна карабай, Эверестти багындырган адам. Ага чейин 20 жыл илгери ал экспедициялардын биринде суукта калып, эки бутун тең үшүккө алдырып алган. Натыйжада буттарынан айрылган. Бирок, Марк өзүнүн кыялынан ажыраган жок, майып экенине карабай көп машыгып, акыры эң бийик чокуну багындырган. Бүгүн ал Жаңы Зеландияда аялы жана 3 баласы менен жашайт. Төрт китептин автору жана кайрымдуулук фондунда иштейт.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн