Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Түптө мындай катуу сел эч качан болгон эмес”

07.09.2023 14:06
1503
Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Түптө мындай катуу сел эч качан болгон эмес”

- Акылбек Тогузбаевич, бүгүнкү жыйында сиз Түп районундагы селден жабыркагандарга жардам катары эки күндүк эмгек акыларды которуп берүүнү сунуштадыңыз. Ал жерде сел аябай эле катуу жүрдү көрүнөт...


- Мен өзүм ошол жерде туулуп өскөм. Киндик кан тамган жерим. Өмүрү мындай болгон эмес. Эгер болсо ата-бабаларыбыз айтып, биз угат элек да. Биринчи жолу ушундай катуу сел жүрдү. Тоодогу үйдөй болгон таштардын баарын агызып келип, үч сайга үйүп салды. Үйлөр талкаланды. Андай кырсыктардан эми Кудай сактасын, элибизге тынччылык каалайм. Бул табигый кырсык экен, ошон үчүн бир эле биз эмес, министрликтер, ведомстволор, карапайым кишилер да акчаларын чогултуп, азык-түлүгүн азык-түлүктөй, төшөнчүсүн төшөнчүдөй жеткирип беришти. Анан ошондой шартта биз, депутаттар четте карап турсак уят болмок.


- Социалдык объектилер да жабыркадыбы?


- Көбүнчө менчик үйлөр, короо сарайлар жабыркады. Сайдын жээгинде, же тоонун боорунда жайгашкан үйлөрдү агызды. Мурда кандай эле билбейм, бул жолу ӨКМ аябай жакшы жардам берди. 280 киши техникалар менен барып, үйлөрдүн ичине кирген сууларды насос менен сордуруп, таштарды тазалап жүрүштү.


- Кандай дейсиз, сиздин сунушуңуз кесиптештериңиз тарабынан колдоо табар бекен?


- Азыр добушка коюлат. Менимче, колдоп беришет. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн